Акылбек Жапаров Кыргызстан качан ортодон жогору киреше көргөн өлкө болорун айтты

Өкмөт башчы президенттин жарандардын бакубаттуулугу боюнча койгон тапшырмасын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 2030-жылга карата ИДП (ички дүң продукция) киши башына санай келгенде 4 400 долларды түзүп, Кыргызстан ортодон жогору киреше көргөн өлкөгө айланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Жапаров өз сөзүндө президент 2030-жылы ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын койгондугун айтты.
"Бул тапшырманы аткаруу менен биз ортодон жогору киреше тапкан өлкөлөргө кошулушубуз керек. Тагыраагы, улуттук кирешенин индекси киши башына 4 400 доллар болушу шарт. Биргелешип жасаган иштерден кийин гана бул көрсөткүчкө жетсе болот", — деп кошумчалаган министрлер кабинетинин төрагасы.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү кескин кыскарды. Динамика