ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соодада товардын 90%ына бажы алымы колдонулбайт

ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кечээ Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали менен жолугушту. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда биримдиктин Иран менен кызматташуу боюнча келишими талкууланды. Ага ылайык, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө товарлардын 90 пайызына бажы алымы колдонулбайт.
Учурда уюмга мүчө өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат. Тараптар ошондой эле тармактык кызматташуунун келечегин, анын ичинде транспорт жана транзит маселелерин талкуулашты.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен.
ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору боюнча макулдашты