Путин: Украинадагы бирден бир легитимдүү бийлик — парламент жана анын спикери

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Украина Конституциясында Раданын ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бул тууралуу Владимир Путин украин өкмөтүнүн легитимдүүлүгү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 20-майында бүткөн. Украинада бул жылы өтө турган президенттик шайлоону аскердик кырдаал жана жалпы мобилизацияны себеп кылып токтотушкан.
Путиндин айтымында, Украинанын мыйзамдарында аскердик абал учурунда президенттик шайлоо өткөрүлбөй турганы жазылган.

“Бул учурда Украинанын Конституциясынын 111-беренеси боюнча жогорку бийликтин, иш жүзүндө президенттин ыйгарым укуктары парламенттин төрагасына өтөт. Бирден-бир легитимдүү бийлик парламент жана Раданын спикери болууда. Эгерде президенттик шайлоо өткөрүүнү каалашса, аскердик абал жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгаруу керек, болду. Бирок алар муну бир катар себептерден улам жасашкан жок”, — деди РФ президенти.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинанын кожоюндары болбогондо Россия тил табышып алмак