Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү

Улуттук банктын башкармалыгынын эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отуруму 29-июлда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуттук банктын башкармалыгы эсептик ченди 11ден 9 пайызга чейин төмөндөттү. Чечим 27-майда кабыл алынып, бүгүндөн тартып күчүнө кирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө инфляция төмөндөп, майда керектөө бааларынын өсүшү жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023 жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз). Экономика өсүп, январь-апрелде реалдуу ИДП 7,4 пайызга жеткен.
"Улуттук банк эсептик чен-өлчөмүн 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган", — деп жазылган маалыматта.
Улуттук банктын башкармалыгынын эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отуруму 29-июлда өтөрү кошумчаланган.
Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын төмөндөшү экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.
Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 млн доллар сатып алды