Свердлов РИИБин Уланбек Аалиев жетектейт. Кезинде пара талап кылды деп айыпталган

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Уланбек Аалиев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар ​​билдирди.
Тиешелүү буйрукка бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койгон.
Эске салсак, Уланбек Аалиев 2021-жылы ишкер айымдан пара талап кылууга айыпталган. Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, "Кыйноо", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Опузалап пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган. Кийин Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун чечими менен Аалиев реабилитациялоо укугу менен акталган.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кечээ иштен алынган.
Сузактагы кырсыкка байланыштуу ИИМдин 12 кызматкери жазаланды