Россиянын Жогорку экономикалык мектеби кыргызстандык студенттерди мактады

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектебинин (Пермь шаары, ЖЭМ) директору Галина Володина Кыргызстандан келген студенттер окууда ийгилик жаратып жатканын билдирди.
Ал Кыргызстандын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөдү.
"Былтыр бюджеттик негизде бакалаврларды даярдоо боюнча эң сонун долбоорду баштаганбыз, кеп Кыргызстандан келген студенттер жөнүндө болуп жатат. Азыр алар биринчи окуу жылын ийгиликтүү аяктап, бизди кубандырып жатышат. Сиздер менен бирге Кыргызстандын келечегине салым кошконубузга кубанычтабыз", — деди Володина.
КРСУда Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгын талкуулаган семинар өттү