Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мадуро: Россия менен Украинанын кепке келүүсүнө АКШ менен ЕБ тоскоол болду

Москва Киев менен сүйлөшүү боюнча позициясын көптөн бери билдирип келет. Бирок буга азырынча Зеленскийдин жарлыгы жол бербейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. АКШ өкмөтү менен ЕБ элитасы Батыштагы курал жасагандардын кирешесин көбөйтүү үчүн Россия менен Украинанын тынчтыкка келүү боюнча макулдашууга кол коюшуна тоскоолдук кылды. Бул туурасында Венесуэла президенти Николас Мадуро айтканын РИА Новости билдирди.
"Кол коюу боюнча алдын ала сүйлөшүлгөн, анан АКШнын өкмөтү жана европалык союздун элитасынан кол койбош керек деген буйругу болду. Россияны бөлүп-жарып, киребиз дешти. Алар согуш аркылуу курал чыгарган компанияларга көп акча табуусуна шарт түзүп келишет", — деген Мадуро "С Мадуро +" деп аталган өзүнүн телепрограммасында.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президент атайын операция аргасыздан жасалган кадам экенин, Россиянын "башка жолу калбаганын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктер башкача чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бербей калганын" белгилеген.
2024-жылдын февралында америкалык журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда Путин Украина менен сүйлөшүү 2022-жылы дээрлик аяктап калганын, бирок Россия аскерлерин Киевден алып чыгып кеткенден кийин каршылаш тарап бардык макулдашууларды "ыргытып салып", Зеленский буга жарлык менен тыюу салып койгонун айткан.
Москва сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тарткан эмес. Путин россиялык журналист Павел Зарубинге Батыштын украин чатагын жөнгө салууга ниети бар же жоктугун билбестигин, эгер алардын каалоосу болсо Россия "диалогго даярдыгын" айткан.
Москва Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздоо менен жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Россия согуштан көрө маселенин сүйлөшүү жолу менен чечилишин эп көрөт