ЕАЭБ аймагында арзандоодо. Министрлик пиязды кампаларда сактап турууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өнөктөш жана коңшу өлкөлөрдө пияз арзандап жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, пияз нормадан ашыкча эгилгендиктен баасы төмөн болуп, айрым чектеш өлкөлөрдө элге акысыз таратылууда.
"Коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал кайталанбаш үчүн пияздын быйылкы түшүмүн баа турукташканга чейин кампаларда сактап туруу сунушталат. Ошондой эле министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дыйкан, фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бардык иш-аракеттерди көрүп жатат", — деп жазылган маалыматта.
Бул багытта Координациялык кеңеш түзүлүп иш алып бара баштаганы кошумчаланды.
Акылбек Жапаров азык-түлүктүн баасын кармап туруу планын бекитти