Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Столтенбергдин Россияга сокку уруу боюнча айтканына комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. НАТО өлкөлөрүнүн, өзгөчө Европадагы өкүлдөрү эмне менен ойноп жатканын билиши керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Россияга сокку уруу боюнча билдирүүсүнө комментарий берген.
Буга чейин Столтенберг "Россиянын аймагындагы аскердик буталарга" кол салууга "Украинанын укугу бар" экенин айткан. Ал ошондой эле "айрым союздаштар" сокку уруу боюнча тиешелүү чектөөлөрдү алып салганын белгилеп, башка чектөөлөрдү алып салууга да убакыт келгенин айткан.

“Эгерде ал (Столтенберг — ред.) Россиянын аймагына алыскы аралыктан так атуучу курал менен сокку уруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтса, ал да мен сыяктуу жарандык адам экенине карабастан, аскерий-саясий уюмдун (НАТОну – ред.) башчысы катары алыс аралыкка так атуучу куралды космостук чалгындоо каражаттарысыз колдонуу мүмкүн эмес экенин билиши керек”, — деди Путин Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда.

Өлкө башчысы Россиянын аймагына сокку уруу боюнча билдирүүлөргө кылдат көз салынып жатканын белгиледи.
"НАТО өлкөлөрүнүн, өзгөчө Европадагы өкүлдөрү эмне менен ойноп жатканын билиши керек", — деди РФ президенти.
Путин: Украинадагы бирден бир легитимдүү бийлик — парламент жана анын спикери