Түштүк аймактарда сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 28-майда күндүн экинчи жарымында Баткен облусундагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо, 29-30-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.
Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгы айтылды.
Майдын этегинде аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол