Россия: НАТО Россияга өзөктүк чабуул коюу боюнча сценарийлерди карап жатат

Россиянын чек араларынын жанында альянстын чалгындаган кадамдары активдешип, ыкчам-согуштук даярдыктар боюнча иш-чаралар арбыганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. НАТО Россиянын аймагында өзөктүк чабуул коюу боюнча сценарийлерди карап, машыгып жатат. Бул туурасында ФСБнын Чек ара кызматынын жетекчиси — директордун орун басары, армиянын генералы Владимир Кулишов РИА Новостиге айтып берген.
"Россиянын чек араларынын жака-белинде НАТОнун чалгындоосу активдешип, ыкчам-согуштук даярдыктар боюнча иш-чаралар арбыды. Анда Россия Федерациясына каршы согуштук аракеттердин, биздин аймактарга өзөктүк чабуул коюунун сценарийлери каралып, жатыгып жатышат", — деген ал.
Маектеш мындай кырдаал чектерди кайтаруу жана коргоо боюнча адекваттуу чараларды талап кыларын белгилеген.
Мурдараак НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "Россиянын аймагындагы аскердик буталарга" чабуул койгонго "Украинанын акысы бардыгын" айткан. Ал "бир катар союздаштар" сокку уруу боюнча тиешелүү чектөөлөр жоюлгандыгын кошумчалаган. Столтенбергдин пикиринде, "башка чектөөлөрдү да алууга мезгил жетти".
Дмитрий Песков "Известия" басылмасына берген маегинде НАТО бул жаатта кырдаалды ырбатып, аскердик эйфорияга алдырып жатканын белгилеген.
бРФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Столтенбергдин айткандарына комментарий берип жатып, башкы катчы ыйгарым укуктарын ашыра баалап алганын айткан.
Батыш саясатчыларынын согуштук маанайдагы билдирүүлөрүнүн фонунда президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Россиянын Түштүк аскердик округунда ракеталык машыгуулар башталды. Анда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонууга жатыгып жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы тынчтык үчүн ар кыл сценарийге даяр болгула. Макрондун эскертүүсү