Пресс-борбор

Кыргызстанда көзөмөл камералары төрт айда 7 миңден ашык мыйзам бузууну каттаган

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда төрт ай ичинде видеокөзөмөл камералары жети миңден ашык мыйзам бузуу фактысын каттаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде ИИМдин коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Алижанов билдирди.
ИИМдин коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Алижанов
Анын айтымында, республика боюнча укук коргоо органдары миңден ашык видеокамераларды орноткон.
"Көпчүлүк камералар коомдук жайларда жайгашкан. Райондук ички иштер башкармалыктарында, ошондой эле убактылуу кармоочу жайларда да бар. Жети миңден ашык кылмыш видеокөзөмөл камералары аркылуу катталган. Бардык укук бузуулар маалымат журналына кирди", — деди Алижанов.
Издөөдөгү Казакстандын жараны камералардын жардамы менен Бишкектен кармалды