Салык кызматы Кыргызстан ЕАЭБге кирип кандай артыкчылыктарга ээ болгонун айтты

Салык кызматы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери салыктан түшкөн акча көбөйүп, соода жүгүртүү өскөнүн билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрдү. Ага ишкерлер катышып, Салык кызматынын ЕАЭБ алкагында иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан долбоорлордогу жетишкендиктери талкууланды.
"Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери салыктан түшкөн каражаттын жана соода жүгүртүүнүн олуттуу өскөнүн белгиледи", — деди маалымат кызматы.
Дубанаев Салык кызматы ишке ашырып жаткан санариптештирүү долбоорлору соңку жылдары маанилүү роль ойноп жатканын айтты.
"Салык төлөөчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн санариптештирүүнү жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүүнү улантуудабыз. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана экспортту көбөйтүү биздин артыкчылыктуу багытыбыз", — деди төраганын орун басары.
Ал ошондой эле жүк ташуучулар үчүн чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга жардам бере турган навигациялык пломбаларды сыноо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн жүктөрдү каттоо постторун модернизациялоо пландары менен бөлүштү.
Мындан тышкары, Салык кызматынын адистери электрондук эсеп-фактуралар, кыйыр салыктарды администрациялоо жана товарларды маркировкалоо сыяктуу долбоорлорду өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана пландары тууралуу кеңири айтып беришти.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соодада товардын 90%ына бажы алымы колдонулбайт