Ататүрктүн аймагындагы объектилер алынууда. Сотко 41 доо арыз берилди

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ататүрк сейил багынын чыгыш тарабындагы объектилер алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 3

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ататүрк сейил багынын чыгыш тарабындагы объектилер алынууда

2 / 3

86 метр тосмо, 14 метр узундуктагы чатыр алынат

3 / 3

Мындан тышкары, №104/1 дарегиндеги төрт кабаттуу үйдүн айланасындагы муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону жашоочулар өз ыктыяры менен демонтаждоодо

Маалыматка ылайык, 86 метр тосмо, 14 метр узундуктагы чатыр алынат. Мындан тышкары, №104/1 дарегиндеги төрт кабаттуу үйдүн айланасындагы муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону жашоочулар өз ыктыяры менен демонтаждоодо.
“Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан уруксат берилбеген курулуштарды аныктоо боюнча рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Болбосо, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт”, — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышканы кошумчаланды.
Бишкектин мэри: Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз буздурулбайт