Курмандыктар жаткан жерде күлгөн биринчи айымдар. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Германиянын биринчи айымынын осол кадамы туурасында пикирин билдирди.
"Германия башчылары үчүн "геноцид" сөзүн укканда күлүп жиберүү салтка айланып калган окшобойбу", — деп жазган Захарова Германия менен Франциянын президенттеринин аялдарынын Холокосттун курмандыктарынын мемориалында күлүп турган сүрөтүнө комментарий берип.
Bild басылмасы жекшемби күнү Франция президенти Эммануэль Макрон Германияга үч күндүк расмий сапар менен келгенин жазды. Макрон жана Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Холокосттун курмандыктарынын мемориалына барышкан.
Басылма жогоруда сөз болгон жерден биринчи айымдар Брижит Макрон жана Эльке Бюденбендергдин күлүп жаткан сүрөтүн тараткан.
"Киев режими тарабынан Донбасстын жашоочуларынын кыргынга кабылышы боюнча суроо узатканда Олаф Шольц (Германия канцлери) ушундай кылган", — деп жазган ТИМ өкүлү.
Миллиондордун өмүрүн алган Освенцим. Тарыхты чагылдырган видео