Кумтөрдөн жалпы канча дивиденд алынганы белгилүү болду

Кумтөр иштеген 1994-жылдан 2021-жылдын майына чейин мамлекет дивиденд катары 100 миллион доллар алган, анткен менен 400 тонна алтын чыгарылып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 2,5 жылдын ичинде Кыргызстан Кумтөрдөн 300 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр иштеген 1994-жылдан 2021-жылдын майына чейин мамлекет дивиденд катары 100 миллион доллар алган, анткен менен 400 тонна алтын чыгарылып кеткен.
"Акыркы 2,5 жылда биз дивиденд катары эле 300 миллион доллар алдык (презентацияда 290 миллион доллар көрсөтүлгөн). Жалпысынан бул мезгилде салыктарды кошкондо 710,8 миллион доллар көлөмүндө милдеттүү төлөмдөр түшкөн", — деди Жапаров.
Акылбек Жапаров Кыргызстанда автоунаа чыгарыла баштаганын айтты