Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү кескин кыскарды. Динамика

Чейрек кылым мурун көмүскө сектор расмий ИДПдан 2,5 эсе көп эле.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү кескин кыскарды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциядагы сөзүндө айтылат.
Жылдар боюнча көрсөткүч:
2000 — ИДП 65,3 миллиард сом, көмүскө экономиканын көлөмү — 161,3 миллиард сом (ИДПнын 247 пайызы);
2010 — ИДП 220,3 миллиард сом, көмүскө экономиканын көлөмү — 408,1 миллиард сом;
2020 — ИДП 601,8 миллиард сом, көмүскө экономиканын көлөмү — 666,8 миллиард сом (ИДПнын 111 пайызы);
2022 — ИДП 1 триллион 20,7 миллиарл сом, көмүскө экономиканын көлөмү — 609 миллиард сом (ИДПнын 60 пайызы);
2023 — ИДП 1 триллион 228,9 миллиард сом, көмүскө экономиканын көлөмү — 561,9 миллиард сом (ИДПнын 46 пайызы).
Кыргызстанга рублдин, доллардын, евронун агымы көбөйдү