Бишкек менен Ошто КТБдагы электрондук кезектин жаңы системасы ишке кирет

Электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилет, мындан улам Early One тиркемеси аркылуу алынган талондор 2-июндан баштап жараксыз болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат.
"Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Түндүк" тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына жайылтылат. Бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет", — деп жазылган маалыматта.
24-майдан тартып төмөнкү КТБда жаңы система иштеп жатат:
КТБ-1, Бишкек шаары (КТБ ДК);
КТБ-4, Бишкек шаары ("Элдорадо" КТБ);
КТБ, Ош шаары.
КТБда жаңы системаны ишке киргизүү графиги:
29-майдан тарта — КТБ-3;
31-майдан тартып — КТБ-2.
Батыш автобекетинин имаратында мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат