Бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик аттестация канча убакытка созулары айтылды

Экзамендер 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча жүргүзүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бүтүрүүчүлөр үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июнда башталып, 15-июнга чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча өтөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;
эне тилинен (дил баяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;
кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;
Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;
математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;
Кыргызстан тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;
кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.
Министрлик кыргызстандык студенттерге стипендия каралган үч өлкөнү атады