Путин: Борбор Азия өлкөлөрү кысымга алынган, бирок алар чөгөлөгөн жок

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү кысымга алынган, бирок алар чөгөлөгөн жок. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бийлик өзүн ишенимдүү сезип, бардык ишмердүүлүгүн элинин, өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн, кызыкчылыгын чыңдоого багыттаган учурда океандын ары жагынан угулган кыйкырыктарга көңүл бурбайт.

“Мындай нерсе чоң өлкөлөрдө да, чакан, бирок өзүн сыйлаган мамлекеттерде да байкалат. Борбор Азия аймагына басым жасалганын билебиз. Бирок дароо чөгөлөп, океандын ары жагынан келген буйруктарды аткарууга даяр боло калгандарды көрө элекмин”, — деди Путин.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинанын кожоюндары болбогондо Россия тил табышып алмак