Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бериле баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Зинин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү текшерүү жана оңдоо иштери соңуна чыгып калды.
"Учурда гидровликалык текшерүү иштери жыйынтыкталды. Бул кышында көйгөй жаралбашы үчүн жүргүзүлөт. Иштер графикке ылайык болуп жатат. Бирине чейин жетишишибиз керек", — деген Зинин.
Белгилей кетсек, борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта 40 күнгө өчүрүлгөн.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме