Бишкек мэриясы мектептерде сабакты 8:00дөн эрте баштоону сунуштоодо

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоону сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте ошондой эле училищелерде жана университеттерде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керек деген пункт камтылган.
Жүз миңдеген бишкектиктерге таасир эте турган радикалдуу чаралар жол тыгындары менен күрөшүү максатында жасалат.
Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев айрым мектептерде сабактарды саат 7:00дө баштоону сунуштаган. Анын идеясын Акылбек Жапаров жактырган.
Бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик аттестация канча убакытка созулары айтылды