БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкекте жайы менен бир топ көчө оңдолгону жатат. Бул тууралуу мэрия маалымдап, жабыла баштаган көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.
Толук оңдоо үчүн жабылган көчөлөр:
Ахунбаев көчөсү. Ч. Айтматов проспектинен Токтоналиев көчөсүнө чейин;
Байтик баатыр көчөсү. Токомбаевден Сүйөркулов көчөсүнө чейин.
Жарым-жартылай тосулган көчөлөр:
Манас айылы көчөсү. Ч.Айтматов проспектинен Кырман көчөсүнө чейин;
Коңорчок көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн сууга чейин;
Матросов көчөсү. Кулатовдон Лев Толстой көчөсүнө чейин;
Көкчө-Тоо чолок көчөсү. Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
Нарвская көчөсү. Профсоюздан Бородин көчөсүнө чейин;
Февраль көчөсү. 8-март көчөсүнөн Коллектив көчөсүнө чейин;
Керамическая көч., Аул көчөсүнөн мечитке чейин;
9-кичи районунун түндүк тарабы, №3б, 5б. Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
Исаков көчөсү. Ташкент көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;
Эркиндик бульвары. Жибек Жолу проспектинен Абдымомуновго чейин;
Ахунбаев көчөсү. Шабдан баатыр көчөсүнөн Достоевскийге чейин.
Мындан тышкары, Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү жана Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү бир нече этап менен оңдоло турганы айтылды.
Мэрия айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алууну өтүнүп, жол тыгынын жаратпай коомдук транспортко түшүүнү сунуштаган.