Радио

Эс алуу лагерлеринде оор турмуштук абалдагы балдар үчүн орундар көбөйтүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Алия Чокоева оор турмуштук кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусуна 15 миллион сом бөлүнүшү күтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
2022-жылдан бери аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөрдүн эс алуусуна жылына беш миллион сом каралып келет. Бул тууралуу Алия Чокоева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы баалар кескин көтөрүлгөндүктөн жайкы эс алуу лагерлерине 555 гана бала барып келген.
"2022-жылдын 1-июнунан баштап оор турмуштук кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусун камсыздоо жана башка иш-чараларды алып баруу бизге жүктөлгөн. Учурда аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген, атайын камкордукка алынган балдардын тизмеси такталууда. 2023-жылы бул иш-чарага беш миллион сом каражат бөлүнгөн, бирок лагерлердин акысы көтөрүлгөндүктөн аз гана бала эс алып калды. Тактап айтканда, оор турмушта жашаган 555 бала лагерге жөнөтүлгөн. Учурда бөлүнгөн каражатты көбөйтүү менен алек болуудабыз, башкача айтканда, жогорудагы балдардын жайкы эс алуусуна жылына 15 миллион сом бөлдүрүү боюнча иштеп, кагаздарды даярдадык. Мунун аркасы менен көбүрөөк бала эс алууга мүмкүнчүлүк алат деген ниеттебиз. Шарттар жакшыртылат. Аймактардагы социалдык жактан коргоо башкармалыктарында оор кырдаалдагы балдардын тизмеси бар. Ушул ата-энелер өзүнүн паспортунун көчүрмөсүн жана баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып, жайкы эс алууга жөнөтүүнү суранган арыз менен кайрылса болот", — деди Чокоева.
Ал лагерге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ата-энеси же камкорчусу коштоп барарын кошумчалады.