Биз ыргытып жүргөн үч нерсе роза гүлүнө табылгыс азык болот. Багбандын кеңеши

Багбандын айтымында, кофенин калдыгы топуракты азот менен камсыздап, пайдалуу микробдордун жаралышын шарттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Банан менен жумуртканын кабыгы жана кофе бөлмө гүлдөрүн, айрыкча розанын топурагын жакшы азыктандырып, гүлдөтөт. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы багбан Брайан Клейтонго шилтеме берип жазды.
"Роза гүлүнүн тамыры бат-баттан азыктанып тургандыктан топуракка жер семирткичтерди дайыма кошуу зарыл. Гүлдүн бул түрүн өстүрүү оңойго турбайт, бирок ага жардам берген бир нече жөнөкөй жол бар", — деген адис.
Анын айтымында, роза калийге бай болгон банандын кабыгын аябай "жакшы көрөт".
"Банандын кабыгын ыргытпаңыз. Аны майдалап туурап, гүлдүн топурагы менен аралаштыруу керек. Мындан тышкары, жумуртканын кабыгын дагы ушундай эле жол менен колдонсо болот. Ал эми бир ичкенден кийин таштандыга ыргытылып жаткан кофенин калдыгы азотко бай. Ал топуракты азыктандырып, пайдалуу микробдордун жаралышын шарттайт. Бирок кофени аз көлөмдө колдонбосоңуз, жер өсүмдүк үчүн кычкыл болуп кетиши мүмкүн", — деп эскерткен Брайан Клейтон.
Радио
Кулпунайдын экспортун 1 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө