Мамлекет каржылаган алгачкы археологиялык жана этнологиялык экспедициялар башталды

"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, ишке ашырыла баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Улуттук тарых музейинде археолог-этнографтарды илимий экспедиция жүргүзүү үчүн аймактарга узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
1 / 2

Улуттук тарых музейинде археолог-этнографтарды илимий экспедиция жүргүзүү үчүн аймактарга узатуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты

2 / 2

Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жарлыкка кол койгон. Анын негизинде "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, өз ишин баштаган

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жарлыкка кол койгон. Анын негизинде "Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программасы иштелип чыгып, өз ишин баштаган.
Археологдордон жана этнологдордон турган 14 топ төмөндөгүдөй иштерди жүргүзөт:
Чүй облусундагы Курама палеолит доорунун эстеликтерин изилдөө;
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалы-Таш эстеликтери;
дүйнөдөгү көлөмдүү петроглифтердин коллекциясы жайгашкан Саймалы-Таштагы аска-таш сүрөттөрүн, эстеликтерин музейлештирүүгө даярдык иштери;
Нарын районундагы Ак-Торпок айылындагы сак дооруна таандык көрүстөндөрдү изилдөө иштери;
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кеңкол тибиндеги көрүстөндөрдү изилдөө иштери;
Баткен районундагы Кара-Булак тибиндеги Кызыл-Кошун көрүстөнүн изилдөө;
Нарын облусунун Кочкор районундагы түрк доорунун эстеликтерин изилдөө;
Бишкек шаарынын аймагындагы Кузнечная шаар уранды конушун изилдөө;
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка конушун изилдөө;
Ысык-Көл өрөөнүндөгү Асман шаары пландалган аймагындагы эстеликтерди изилдөө;
Ысык-Көл облусунун Жууку өрөөнүндөгү эстеликтерди изилдөө;
Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө шаар уранды конушун изилдөө;
Баткен облусунун Лейлек районунун археологиялык картасын түзүү.
Бул программаны ишке ашырууга президенттин тапшырмасы менен алгачкы жолу ири каражат бөлүнгөнү кошумчаланды.
Талааны шаарга айланткан. Кыргызстандын биринчи геологу Ставинскийди эскерүү