Акылбек Жапаров Кыргызстанда автоунаа чыгарыла баштаганын айтты

Белгилей кетсек, бүгүн Чүй облусундагы Кыргыз-өзбек автомобиль заводун ишке берүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Финансы министрлигинин аймактардагы башкармалыктарынын жетекчилерине өлкөдө чыгарылган автоунаалар берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Анын айтымында, сунушту президент Садыр Жапаров колдоого алган.
"Бизде биринчи жолу өзүбүз Chevrolet деген автоунаа чыгаруудабыз. Андан 100 жылдыкка карата финансы башкармалыктарынын (Финансы министрлигинин) аймактардагы жетекчилерине бирден автоунаа берели деп жатабыз. Сунушту президент Садыр Нургожоевич дагы колдоду. Ийгиликтүү болсун, бөөдө кырсыктан тышкары, аман болгула", — деди Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Чүй облусундагы Кыргыз-өзбек автомобиль заводун ишке берүү пландалган.
А. Жапаров: Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыкты