29-майга карата аба ырайы

29-майда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Шаршембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас аймагында +18…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын өрөөнүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +21…23, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Түштүк аймактарда сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты