Калемдештери суктанып окуп, өзүнүн бир да китеби чыкпай калган акын. Эскерүү

Sputnik
Акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбековдун калеми учурунда чыгармачылыкты тшүнгөн далайларды суктанткан. Акын өзү уяң, жоош болгону менен ырлары курч эле. Анын калеминен жаралган не бир сонун колориттеги кооз, көркөм, ыргагы да келишкен ырларды окуган адам улам жаңы сөз берметтерин, сүрөттөөлөрдү табат. Калемгердин сөз байлыгы да укмуш болгон.
Анын замандаштары Зарлыкбеков дүйнөлүк классиканы казып окуганын, ошол эле учурда француз поэзиясындагы метафораларды изилдеп өздөштүрүп, кийин ырларында колдонгонун айтышат.