Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери салыктан түшкөн акча көбөйүп, соода жүгүртүү өскөнүн билдирди. Мамлекеттик салык кызматы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрдү. Ага ишкерлер катышып, Салык кызматынын ЕАЭБ алкагында иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан долбоорлордогу жетишкендиктери талкууланды. Дубанаев Салык кызматы ишке ашырып жаткан санариптештирүү долбоорлору соңку жылдары маанилүү роль ойноп жатканын айтты.Ал ошондой эле жүк ташуучулар үчүн чек арадан өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуга жардам бере турган навигациялык пломбаларды сыноо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн жүктөрдү каттоо постторун модернизациялоо пландары менен бөлүштү.
Кыргызстанда төрт ай ичинде видеокөзөмөл камералары жети миңден ашык мыйзам бузуу фактысын каттаган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде ИИМдин коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Алижанов билдирди.Анын айтымында, республика боюнча укук коргоо органдары миңден ашык видеокамераларды орноткон. "Көпчүлүк камералар коомдук жайларда жайгашкан. Райондук ички иштер башкармалыктарында, ошондой эле убактылуу кармоочу жайларда да бар. Жети миңден ашык кылмыш видеокөзөмөл камералары аркылуу катталган. Бардык укук бузуулар маалымат журналына кирди", — деди Алижанов.
Бишкек шаардык мэриясы мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоону сунуштоодо. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документте ошондой эле училищелерде жана университеттерде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керек деген пункт камтылган.Жүз миңдеген бишкектиктерге таасир эте турган радикалдуу чаралар жол тыгындары менен күрөшүү максатында жасалат. Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев айрым мектептерде сабактарды саат 7:00дө баштоону сунуштаган. Анын идеясын Акылбек Жапаров жактырган.
НАТО Россиянын аймагында өзөктүк чабуул коюу боюнча сценарийлерди карап, машыгып жатат. Бул туурасында ФСБнын Чек ара кызматынын жетекчиси — директордун орун басары, армиянын генералы Владимир Кулишов РИА Новостиге айтып берген."Россиянын чек араларынын жака-белинде НАТОнун чалгындоосу активдешип, ыкчам-согуштук даярдыктар боюнча иш-чаралар арбыды. Анда Россия Федерациясына каршы согуштук аракеттердин, биздин аймактарга өзөктүк чабуул коюунун сценарийлери каралып, жатыгып жатышат", — деген ал. Маектеш мындай кырдаал чектерди кайтаруу жана коргоо боюнча адекваттуу чараларды талап кыларын белгилеген.Мурдараак НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "Россиянын аймагындагы аскердик буталарга" чабуул койгонго "Украинанын акысы бардыгын" айткан. Ал "бир катар союздаштар" сокку уруу боюнча тиешелүү чектөөлөр жоюлгандыгын кошумчалаган. Столтенбергдин пикиринде, "башка чектөөлөрдү да алууга мезгил жетти".