Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдикте Украинага жардам көрсөтүү боюнча жети чечимге бөгөт коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель учурда Евробиримдикте Украинага беш миллиард евролук аскердик жардамды каржылоо боюнча жети чечимге бөгөт коюлганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин отурумунан кийин “учурда бизде жети мыйзам тексти бөгөттөлүп турат. Бизди өз милдеттерин аткарбады деп каралашууда, бирок беш миллиард евро жардам көрсөтүү боюнча жети бөгөттөлгөн чечим бар” деген ал.
Буга чейин Бельгиянын тышкы иштер министри, учурда Евробиримдиктин кеңешине төрагалык кылган Ажа Лябиб Венгрия Киевге аскердик жүктөрдү жеткирүү үчүн беш миллиард евро бөлүүгө бөгөт коюуну улантып жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы тынчтык үчүн ар кыл сценарийге даяр болгула. Макрондун эскертүүсү