Уран кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамды ЖК комитети колдоду

Министр белгилегендей, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды казууга жолтоо болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берди. Анын айтымында, уранды иштетүүгө салынган тыюу башка сейрек кездешүүчү металлдарды казууга жолтоо болууда. Тыюунун алынышы дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон 83 кенде пайдалуу элементтерди казууга мүмкүндүк берет.
Тургунбаев башкалардын ичинен титаномагнетиттин ири запасы бар Кызыл-Омпол кенин белгиледи. Аны мамлекеттик компаниялар иштетет.
"Бул кен 1000ден кем эмес адамды иш менен камсыздайт, биринчи этабында эле бюджетке 150 миллион доллар түшөт. Жалпысынан төрт этап пландалууда. Экология маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Кенди иштетип, ал жерди зыяндуу металдардан тазалайбыз", — деди Тургунбаев.
Министр урандын запасы Кызыл-Омпол кенинде 3,5 тонна жана Таш-Булак кенинде 10 тоннаны түзөрүн кошумчалады.
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги бул мыйзам долбоорун февраль айында министрлер кабинетине сунуштаган. Ал Жогорку Кеңешке 16-майда келип түшкөн.
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполду уран кени деп айтуудан алыс болуш керек