Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Упырь" Калашников автоматынын пилотсуз учак түрүндөгү аналогу. Инфографика

Россиялык бир катар FPV камикадзе-дрондордун операторлорунун көрсөткүчү Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы атактуу снайперлердикинен да ашып кетти.
Sputnik
"Бир эле жоокер 300дөн ашык адамды жок кылган. Бул улуу снайпер — СССРдин баатыры Василий Зайцевдин деңгээли", — деп айтып берген РИА Новостиге "Рокот" борборунун Пиночет каймана аты бар инструктору.
Дрондун операторлорун даярдоого бир нече апта, ал эми снайперге кеминде жарым жыл керек.
Бул сапар азыр сөзгө алынып жаткан "Упырь" тууралуу кеп кылмакчыбыз. Бул FPV дрону уралдык энтузиасттар тарабынан жасалган. Жапырт өндүрүш калыпка салынган: антенналар жана корпустун элементтерин 3D-принтер менен басып чыгарышат. Бул кичинекей техника америкалык A1 Abrams танкаларына каршы турууда.
"Упырь" согуштук жүк көтөрүмдүүлүгү төрт килограммга чейин, согуштук радиусу 12 чакырым, саатына 180 чакырымга чейин жүрө алат. Бир дрондун баасы 30 миң рублге чукул.
Россиянын куралдарынын катарына эми "Булава" кошулду. Инфографика