БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Германиянын канцлери Олаф Шольц Украина жакынкы 30 жылда НАТОго мүчө боло албайт деген ойдо экенин РИА Новости жазды.
"Чечим кандай болгонун билесиздер. Бул жакын арада күтүлбөйт. Кыязы, жакынкы 30 жылдагы нерсе", — деген Щольц жекшемби күнү эл менен жолугуп жатканда.
НАТОнун аскер комитетинин башчысы март айында Украинанын альянска мүчөлүк маселеси чечилгендигин, бирок "бул качан болору жана эмне үчүн" экендигин талкуулоо уланарын айткан. 2022-жылдын сентябрында Владимир Зеленский Киев аталган уюмга тез кирүү кирүү үчүн арыз бергендигин билдирген. Бирок НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг согуш учурунда Украинанын альянска толук мүчө болушу мүмкүн эместигин айткан эле.
АКШнын альянстагы өкүлү Жулианн Смит Украина маселеси курч тургандыктан апрелдин аягында Зеленский уюмдун июлда пландалган Вашингтондогу саммитине чакырылгандыгын белгилеген. Бирок Киевдин НАТОго кириши боло турган саммитте күтүлбөстүгүн айткан. Бул туурасында Столтенберг да билдирген.