Транспорт каражатын тийиштүү мекемеге барбай эле каттатууга жол ачылат. Чоо-жайы

Каттоо процессинде бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Транспорт каражатын тийиштүү мекемеге барбай эле жеринен каттоого мүмкүнчүлүк берилет. Тиешелүү документ "Коом талкуу" сайтына жайгаштырылды.
Ага ылайык, "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
"Азыркы учурда кээ бир унаа ээлери транспорт каражатын каттоо же кайра каттоо үчүн ар түрдүү себептер менен ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө өздөрү келе алышпайт. Буга байланыштуу эрежелерге "көчмө тариздөө" терминин киргизүү сунушталат. "Көчмө тариздөө" — ыйгарым укуктуу органдын адистери транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерге барып жүргүзгөн каттоо иш-аракеттери", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле документте транспорт каражатынын ээсинин айыптары болсо кайра каттоо үчүн анын баары төлөнүшү керектиги айтылган. Мындан тышкары, М1 категориядагы (8ге чейин отуругучу бар унаалар) транспорт каражаттарынын кузовун алмаштыруу боюнча каттоо иш-аракеттерине тыюу салуу сунушталган.
Турак жай жана унааны милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталууда