Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат кызматынан бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", — деп жазылган маалыматта.
Гүлнара-Клара Самат аталган кызматка Аликбек Жекшенкулов кеткенден кийин 2021-жылы дайындалган.
Путин Гүлнара-Клара Самат менен Азымбакиевге Достук орденин ыйгарды