Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия бир катар өлкөлөрдө Украинанын кылмыштары тууралуу сүрөт көргөзмө өткөрөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия Киевдин жасаган кылмыштары тууралуу 10дон ашык өлкөдө фотокөргөзмөлөрдү өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштары боюнча өзгөчө тапшырмаларды караган элчиси Родион Мирошник Египеттеги иш сапары учурунда билдирген.
Басылма Россиянын Каирдеги илим жана маданият борборунда ("Русский дом") "Киев режиминин кылмыштары жөнүндө чындык" аттуу фотокөргөзмө уюштурулганын жазды.
"Россотрудничество жана бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтер менен биргеликте иштелип чыккан чоң программабыз бар. Жакын арада мындай иш-чараны 10дон ашык өлкөдө өткөрөбүз деп ойлойм", — деген Мирошник.
Ал иш-чарада Киев тарабынан жасалган кылмыштардын сүрөт, далилдери көрсөтүлөрүн белгилеген.
"Кылмыштар аймактарды аткылоого, соттун чечими жок өлүм жазасына тартууга жана эл аралык коргоого алынган объектилерге кол салууга тиешелүү. Бул далилдерди башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө берүүгө даярбыз, алар бизди угат деп үмүттөнөбүз", — деген элчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин Россияга сокку урушуна уруксат бериш керек. Конгрессчилердин демилгеси