Россиянын министрликтери "Талибандан" террордук статусун алып салууну сунуштады

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тышкы иштер министрлиги Россиянын тиешелүү ведомстволору бул маселени иликтеп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги "Талибан"* кыймылынан "Россиядагы террордук уюм" статусун алып салуу мүмкүнчүлүгү боюнча маселени иликтеп бүтүп, сунуш Кремлге жөнөтүлдү. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ президентинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирди.
"Ооба", — деди ал тиешелүү суроого жооп берип.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тышкы иштер министрлиги Россиянын тиешелүү ведомстволору "Талибан"* кыймылынан террордук уюм статусун алып салуу маселесин карап жатканын билдирген.
Кабулов РИА Новостиге май айында билдиргендей, бул маселе боюнча соңку чечимди президент кабыл алат.
Дипломат мындай пландар БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы келбей турганын белгиледи.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Нарышкин: Афганстанга көзөмөл кыла алчу жалгыз күч — талибдер