Россия менен Өзбекстандын инвестициялык долбоору 45 млрд долларды түздү

Товар жүгүртүүнү 20 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия менен Өзбекстандын биргелешкен долбоорлорунун портфели 45 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.
"Куксарой" мамлекеттик резиденциясында Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путиндин тар курамдагы жолугушуусу өттү.
Мирзиёев өзгөчө белгилегендей, РФ президенти кайрадан шайлангандан кийин алгачкы чет элдик сапарларынын бирин Өзбекстанга жасайт.
"Соода-экономикалык кызматташтыктын өсүп жаткан динамикасы канааттануу менен белгиленди. Өзбекстанда товар жүгүртүүнүн жана орус инвестициясынын көлөмү өсүп, өнөр жай кооперациясы өнүгүүдө. Биргелешкен долбоорлордун портфели 45 миллиард долларды түздү", — деп айтылат маалыматта.
Алдыңкы ишканалардын биргелешкен долбоорлорун колдоо үчүн инвестициялык платформаны ишке киргизүү макулдашылды.
Мирзиёев ачылыш сөзүндө өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өсүп жатканын жана 20 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
Путин менен Мирзиеевдин расмий жолугушуу салтанаты өттү. Видео