Россия Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын курат. Келишимге кол коюлду

Курулуш иштери быйыл жайында башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия менен Өзбекстан чакан атомдук электр станциясын куруу келишимине кол койду. Бул тууралуу “Росатом” компаниясы билдирди.
“27-майда Россия президентинин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда Өзбекстанда атомдук электр станциясын курууда кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Анын маңызы россиялык долбоор боюнча Өзбекстанда аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу боюнча кызматташууну кеңейтүү болуп саналат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Станция Жизак облусунда курулмакчы. Анын кубаттуулугу 330 МВт (ар биринин кубаттуулугу 55 МВт болгон 6 реактор) болот. Энергоблоктор этап менен (2029-жылдан 2033-жылга чейин) ишке киргизилет. “Росатом” курулушта башкы подрядчы болот жана ишке дагы башка жергиликтүү компаниялар да тартылат.
“Божомолдорго ылайык, Өзбекстанда 2050-жылга карата энергоресурстарга болгон суроо-талап дээрлик эки эсеге көбөйөт жана энергетика системасынын туруктуу иштеши, экономиканын өнүгүшү үчүн өлкөбүз өзүн энергиянын кайра жаралуучу булактарынан тышкары базалык энергия менен камсыз кылууга тийиш экени айдан ачык. Азыр дүйнө атомдук кубаттуулук курууга кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Андыктан “Росатом” менен кызматташуу биздин энергетикалык комплексибизди атомдук энергетикадагы алдыңкы технологиялар менен бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, — деди Өзбекстандын министрлер кабинетинин алдындагы Атомдук энергетика боюнча агенттиктин директору Азим Ахмедхаджаев.
Курулуш иштери быйыл жайында башталат.
Россия менен Өзбекстандын инвестициялык долбоору 45 млрд долларды түздү