Путин менен Мирзиеевдин расмий жолугушуу салтанаты өттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ташкентте "Куксарой" резиденциясында мамлекеттик сапар менен келген РФ лидери Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин расмий жолугушуу салтанаты өттү.
Эскерте кетсек, Путин Ташкентке кечээ кечинде учуп келген. Эки күнгө келген Россия лидерин аба майдандан Мирзиеев өзү тосуп алган.
Маалыматтарда өлкө башчылары эки тараптуу мамиле жана региондогу курч турган маселелерди талкуулашары айтылган. Мындан тышкары, Путин менен Мирзиеев Россия жана Өзбекстандын региондор кеңешинин алгачкы жыйынына катышары күтүлүүдө.
Путин Борбор Азия менен кызматташуунун пайдасы тууралуу айтты