Бишкекте орус тили мугалимдеринин тегерек столу өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкекте орус тили жана адабияты сабагынан берген мугалим, окутуучулар үчүн "Пушкин мектепте" аттуу тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Улуу орус акыны Александр Пушкиндин 225 жылдыгына арналган иш-чара 28-май күнү саат 14:00дө аталган борбордун имаратында болмокчу.
"Катышуучулар Пушкиндин чыгармаларына болгон суроо-талаптын көптүгүнүн сыры, балдардын китеп көп окубаган себебин, сабак өтүүдө азыркы актуалдуу методикаларды талкуулашмакчы", — деп жазылат маалыматта.
Акындын жылдыгынын урматына бардык катышуучулар белек, диплом алары кошумчаланды.
Таласта "Музыканын тилинде" аталышындагы маданий эл аралык долбоор өтөт