Медициналык мекемелердин техникалык базасын жакшыртууга каражат бөлүндү

Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына материалдык-техникалык базасын жакшыртууга акча бөлүндү. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кошумча каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт:
Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 миллион сом;
Шаардык балдар клиникалык тез жардам медициналык ооруканасына 70 миллион сом (каражат лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык имарат курууга жумшалат);
Улуттук хирургия борборуна 33 миллион сом (медициналык жабдууларды сатып алууга, операциялык жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого) бөлүнөт.
Радио
Омуралиева: псориаз дарты балдар арасында да кездеше баштады