Кыргызстанда кумар оюндарын жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда

Демилге спорттук жана маданий иш-чараларга, ошондой эле бюджетке кошумча каржы тартууга мүмкүндүк ача турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстанда оюн-зоок ишкерлигин (кумар оюндарын) жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Гүлшаркан Култаева коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзамдын негиздемесинен кеп букмекердик конторалар жана тотализаторлор тууралуу болуп жатканын аңдоого болот.
Демилгечилер оюн бизнесин жарнамалоо бул рыноктун ачык-айкындуулугун камсыздап, мыйзамсыз иштеп жаткан букмекердик кеңселерден арылууга жардам берерин айтышууда. Ошондой эле демилге спорттук жана маданий иш-чараларга, ошондой эле бюджетке кошумча каржы тартууга мүмкүндүк ача турганы белгиленген.
"Мыйзамдуу жарнама индустриясы мамлекетке кумар бизнесин жана анын жарнамасын легалдаштыруудан экономикага кошумча салыктык түшүүлөрдү жана инвестицияларды алууга мүмкүндүк берет, аны менен катар бул чөйрөдөгү бардык субъектилерди коргоого мүмкүнчүлүк алат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда квалификациясы жок психологдордун кызматын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда.
Бишкекте көмүскө казино аныкталып, чет элдик ээси кармалды. Видео