Көк бөрү Казакстанда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын программасына кирди

Коңшу өлкөдө өтө турган иш-чарага Кыргызстан көк бөрү жана көкпар боюнча эки курама команда даярдап барат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Көк бөрү Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Анын айтымында, маселе Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон апрелдеги иш сапарында чечилген.
Эми коңшу өлкөдө өтө турган иш-чарага Кыргызстан көк бөрү жана көк пар боюнча эки курама команда даярдап барат.
Буга чейин көк бөрү Көчмөндөр оюндарынын тизмесине кирбей калганы айтылган. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү менен таанышуу үчүн Астанага барган делегация аталган оюндарды тизмеге киргизүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан көк бөрү, көкпар боюнча эки курама команда алып келүүгө даяр экендигин билдирген.
Таластын "Ынтымагы" республикалык турнирдин чемпиону болду. Видео