Кыргызстан — ЕАЭБде бюджети профицит менен чыккан жалгыз өлкө

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин профицити 5,8 миллиард сомду түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республикалык бюджет Кыргызстанда гана профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Өлкөлөр боюнча маалыматтар:
Армения: биринчи кварталда бюджеттин кирешелери — 525 миллиард, чыгашалар — 525,9 миллиард, тартыштык 0,9 миллиард драмды түздү;
Казакстан: кирешеси — 4 триллион 300,1 миллиард, чыгашасы 5 триллион 331,8 миллиард теңгеге бааланган. Ошентип дефицит триллион теңгеден ашты;
Кыргызстан: кирешелер — 80,1 миллиард, чыгашалар – 74,3 миллиард, профицит 5,8 миллиард сомду түздү;
Россия: биринчи кварталда кирешеси — 8 триллион 721,6 миллиард, чыгашасы 9 триллион 17 миллиард рубль болуп, тартыштык 295,3 миллиард рублди түздү.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта кандай натыйжага жетишкени айтылды