Радио

Кулпунайдын экспортун 1 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Муктар Чыналиев кулпунай өндүрүмүнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө өкмөт ишкерлерге көмөктөшөрүн айтты.
Sputnik
Жергиликтүү өндүрүүчүлөр кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ал үчүн орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү пландалып жатканын Муктар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кулпунай үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо, учурдагы кырдаалды эске алып глобалдык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрдү, тенденцияларды аныктоо керек.
"Айыл чарба министри кулпунай өндүрүмүнүн экспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү максатында экспорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугуп, кырдаалды талкуулады. Акыркы жылдары өлкөдө жер-жемиш өстүрүп, жакшы жыйынтык көрсөткөн дыйкандар көбөйгөн. Былтыр кулпунайдын баасы да жогору болуп ишкерлер жакшы киреше көрүштү. Эми жергиликтүү өндүрүүчүлөр кулпунайдын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Ал үчүн орточо түшүмдүүлүктү гектарына 20 тоннага чейин көтөрүү пландалууда. Кулпунай үчүн потенциалдуу сатуу рыногун аныктоо, учурдагы кырдаалды эске алып глобалдык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрдү, тенденцияларды аныктоо керек", — деди Чыналиев.
Ошондой эле адис кулпунайды кургатып ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо жолдору да каралып жатканын кошумчалады.