Караколдогу 700 млн сомдук "Ак-Тилек" базары мамлекетке өттү

Изилдөөнүн алкагында соода рыногунун жетекчилеринин иш бөлмөлөрү менен үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базары Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансына өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Базардын аянты 29 119,6 чарчы метрди (болжол менен 3 га) түзүп, болжолдуу баасы 700 миллион сомдон ашат.
1 / 2

"Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилери финансы-чарба жаатында көп сандаган эрежелерди бузуп, ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталган

2 / 2

Изилдөөнүн алкагында соода рыногунун жетекчилеринин иш бөлмөлөрү менен үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн

"Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилери финансы-чарба жаатында көп сандаган эрежелерди бузуп, ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталган. Изилдөөнүн алкагында соода рыногунун жетекчилеринин иш бөлмөлөрү менен үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада мыйзамсыз аракеттерди тастыктаган документалдык материалдар табылган. Кооперативдин жетекчилиги базарды ыктыярдуу түрдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансына өткөрүп берген", — деди УКМК.
Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын бири мамлекеттин менчигине өттү