Бишкекте евразиялык масштабдагы маанилүү иш-чара башталды

Евразиялык топтун террорчулукту финансылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшкөн пленардык аптасынын алкагындагы иш-чаралар 31-майда аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекте террорчулукту финансылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшкөн евразиялык топтун (ЕАГ) бир аптага созулган пленардык жыйыны башталды. Бул туурасында Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
Иш-чаралар 31-майда аяктайт, ага Россиядан келген делегация да катышууда.
1 / 2

Бүгүн Бишкекте террорчулукту финансылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөшкөн евразиялык топтун (ЕАГ) бир аптага созулган пленардык жыйыны башталды

2 / 2

Иш-чаралар 31-майда аяктайт, ага Россиядан келген делегация да катышууда

"Бул жыйын ЕАГга мүчө мамлекеттердин делегациясынын, байкоочу болгон өлкөлөр менен уюмдардын, чакырылган мамлекеттердин, жеке тармактын өкүлдөрүнүн башын бириктирүүдө", — деп айтылган маалыматта.
27-28-майда иш топторунун отуруму пландалган. 29-майда ЕАГга мүчө болгон мамлекеттердин парламентарийлеринин III форуму өтөт.
"Катышуучулар кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдарды жакшыртуу боюнча укуктук маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашат. Андан сырткары, укуктук базаны өркүндөтүп, санариптик валютаны, жаңы технология менен финансылык жаңычылыктарды жөнгө салууну карашат", — деп билдиришти аталган кызматтан.
30-31-майда болчу пленардык отурумда чек аралар арасындагы кылмыштуулук менен күрөшүү талкууланат, актуалдуу болуп турган кооптуулуктарды, тобокелдиктерди таап жана алдын алууда улуттук, эл аралык тажрыйбалар талкууланат. Отурумдун күн тартибинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы улуттук системаларды өз ара баалоого байланышкан маселелердин топтому, андан сырткары, бир катар башка темалар да бар.
УКМК: Ташиевдин туугандарынын таанышымын деп алдап 1,5 млн. сом алган киши кармалды