Бишкектеги башаламандык. Свердлов РИИБинин кызматкерлери кызматтан алынды

Жалпысынан милициянын 20 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитов баш болгон 10 кызматкер борбор калаадагы 13-майда жана 18-майга караган түнү болгон окуяларга байланыштуу кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылган. Маалыматта мындай чечим кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин бүгүн, 27-майда, өткөн коллегиясында кабыл алынганы жазылган.
Жеңишбек Абитов үстүбүздөгү жылдын апрель айында спецназ ата-баланы токмоктогон окуядан кийин Жалал-Абад ОИИБдин начальниги кызматынан алынып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясын жетектемей болгон.
Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан. Анын видеосу интернетте "чет элдиктер кыргыздарды сабаган" деген аталыш менен тарап, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына жаштардын чогулушуна себеп болгон. Топтолгондор түшүндүрүү иштеринен кийин таңга жуук тарашкан. Кийин мушташка катышкан делип төрт чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кайра үй камагына чыгарылган. Ал эми аларга кол салган делген үч бала, кийин дагы бири кармалган. Окуя боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бейбаштык" боюнча иш козголду.
Бишкектеги башаламандык. Чет элдиктерге кол салды делгендер чекесинен кармалууда